2026-01-27
Факультетибиздин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн студенттери бөлүм башчысы проф. д-р Насух Услу жана бөлүмдүн окутуучуларынын коштоосунда 2025-жылдын 21-ноябрында Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнө иш сапар менен барышты.
Болжол менен эки саатка созулган сапардын алкагында Европа Бирлигинин Элчиси студенттерге кайрылуу жасады. Программанын жүрүшүндө Өкүлчүлүктүн эки өкүлү — бири дипломат, экинчиси изилдөөчү — Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат беришти жана студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.