2026-01-27


«Кыргызстандагы саясий катышуу: факторлор жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү» аттуу семинар


Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстандагы саясий катышуу: факторлор жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү» аттуу долбоордун алкагында, 2026-жылдын 22-январында талаа изилдөөсүнө даярдык көрүү максатында семинар өткөрүлдү.

Семинарга университетибизден жана университеттен тышкары чакырылган эксперттер катышып, жүргүзүлө турган талаа изилдөөсүнүн көлөмү, ыкмасы жана ишке ашыруу процесси боюнча өз баалоолорун, сын-пикирлерин жана сунуштарын бөлүшүштү.