2025-12-15
2025-жылдын 10-декабрында саат 11:00дө Чет тилдер жогорку мектебинин А-505 номерлүү аудиториясында Ишкердик (Бизнес) бөлүмүнүн студенттери үчүн 1,5 саатка созулган ориентациялык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чараны бөлүм башчысы профессор, доктор Гөкхан Өзер жана Экономика жана башкаруу факультетинин декан орун басары, Ишкердик бөлүмүнүн окутуучусу доцент Муратали Абдылдаев өткөрүштү.

