2026-04-09
2024-жылдын жазгы семестринин бүтүрүүчүлөрү жана карьерасын Демирбанкта улантып жаткан Зара Салиева менен Эмилбек Алимбек уулунун катышуусунда 2026-жылдын 7-апрелинде бөлүмүбүздө «Бүтүрүүчүлөр жана студенттердин жолугушуусу» уюштурулду. Саат 11:00дө 323-аудиторияда болуп өткөн иш-чарада биздин ардактуу бүтүрүүчүлөрүбүз бизнес дүйнөсүнө өтүү процесстери жана кесиптик жашоодогу тажрыйбалары менен бөлүшүп, студенттерибизге баалуу кеңештерин беришти. Катышуучулар көп болгон бул жолугушуу, студенттерибиздин суроолоруна жооп берилген интерактивдүү суроо-жооп бөлүгүнөн кийин аяктады. Бүтүрүүчүлөрүбүзгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз.



