2023-03-20

R ПРОГРАММАСЫН КОЛДОНУУГА КИРИШҮҮ (2-МАРТ, 2023-ж.)


Экономика жана башкаруу факультетинде 2023-жылдын 2-март күнү  XVII Эл аралык студенттик конференциясынын алкагында студенттер үчүн практикалык семинарлар уюштурула баштады. Алгачкы семинары R программасын колдонууга байланыштуу болуп, Экономика жана башкаруу факультетинин деканы, PhD., проф. Серхат Бурмаоглу тарабынан өткөрүлдү. Азыркы учурда студенттерибиз R -клубдун мүчөлөрү катары окуусун улантышууда.