2023-03-20

«ИЗИЛДӨӨ МЕТОДДОРУ 1» ПРАКТИКАЛЫК СЕМИНАРЫ (14-МАРТ, 2023-ж.)


2023-жылдын 14-мартында университеттин студенттери үчүн VII эл аралык студенттик конференциясынын алкагында «Изилдөө методдору I» семинары уюштурулду. Экономика жана башкаруу факультетинин Экономика кафедрасынын окутуучусу проф., PhD. Ибрахим Халил Сугөзү илимий изилдѳѳ кантип жүргүзүлѳт, Менеджмент кафедрасынын окутуучусу, доц. PhD Сезер Бозкуш Кахьяоглу изилдөө ыкмалары жана дисциплиналар аралык илимий изилдөөлөрдүн мааниси жана табигый илимдер факультетинин Колдонмо математика жана информатика кафедрасынын окутуучусу доц.м.а. PhD Гүлшат Мухаметжанова SPSS программасынын мүмкүнчүлүктөрү менен жүргүзүлгѳн изилдөөлөр тууралуу баяндама жасашты.

Бул семинарлардын уландысы катары ар кайсы факультеттин студенттеринен турган изилдѳѳ топтору түзүлүп, дисциплиналар аралык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн керектүү билим жана көндүмдөр менен камсыз кылуу каралууда.