2023-03-24

ЭКОНОМИКА ЖАНА БАШКАРУУ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ СТУДЕНТТЕРГЕ ПРАКТИКА ѲТҮҮ МҮКҮНЧҮЛҮКТѲРҮН КЕҢЕЙТҮҮ ЖААТЫНДА ИШТЕР ЖАСАЛДУУДА…


Экономика жана башкаруу факультетинде 2023-жылдын Практика комиссиясынын алгачкы жыйыны маанилүү күн тартибин талкуулоого арналды. Студенттерибизди чыныгы иш чѳйрѳсүнѳ даярдоо, практикалык тажрыйбала алуу, практика ѳтчү мекеме/ишканаларда ал жердеги лидерлер менен иштѳѳ сыяктуу максаттарды кѳздѳп, чет ѳлкѳдѳ жана ѳлкѳ ичинде практика ѳтүү мүмкүнчүлүктѳрү талкууланды.

Факультетибиздин Практика комиссиясынын тѳрайымы, декандын орун басары PhD, доцент Сезер  Кахъяоглу, э.и.д., профессор Дамира Жапарова, доц.м.а. Азамат Максүдүнов, PhD Алтынбек Жолдошов, катчы Элмира Купсуралиеванын катышуусу менен ишке ашты. Комиссиянын жыйынында студенттерге жаңылыктарды StajManas социалдык тармактардагы эсеп жана ар кыл иш-чараларды ѳткѳрүү аркылуу маалымдоо чечими кабыл алынды.