2023-06-06

ФАКУЛЬТЕТИБИЗДИН ОКУТУУЧУЛАРЫ ГЕБЗЕ УНИВЕРСИТЕТИНДЕГИ 3 АЙЛЫК ОКУУ КУРСУН ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАШТЫ.


Экономика жана башкаруу факультетинин “Экономика” жана “Менеджмент” бөлүмдөрүнүн окуу пландарындагы курстардын 30%ы англис тилинде окутула башталаары пландалгандыктан,  Менеджмент бөлүмүнүн доц.м.а. PhD Нажимудинова Сейил жана Экономика бөлүмүнүн доц.м.а. PhD Ганиев Жунус жана доц.м.а. PhD Байгонушова Дамира Түркия Республикасынын Гебзе Техникалык Университетинде англис тилинде сабак берүү компетенцияларын жогорулатуу үчүн 2023-жылдын 19-февралынан 18-майына чейин 3 айлык окуу жана тажрыйба алмашуу программасына катышып, кайтып келишти.
Окуу учурунда Нажимудинова Сейил бакалавр программасында «Менеджменттин негиздери”, “Бизнес-этикасы”, “Адам ресурстарын башкаруу” жана магистратура программасында «Стратегиялык менеджмент» курстарына угуучу катары катышып, бакалавр студенттерине “Ишканаларда миссия деген эмне жана аны аныктоодо критерийлер” деген темада англис тилинде сабак берди.
Ал эми Ганиев Жунус, бакалавр программасында «Менеджменттин негиздери”, “Эл аралык бизнес” жана “Экономика” курстарына угуучу катары катышып, 1-курстун студенттерине “Эл аралык валюта системасы” деген темада англис тилинде сабак берди. Ошондой эле “Экономика” бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамына жана студенттерине «Өткөөл экономикалардагы тышкы карыз жана экономикалык өсүш: Кыргызстандын мисалы» аттуу семинар берди.
Байгонушова Дамира бакалавр программасында «Менеджменттин негиздери”, “Эл аралык бизнес” жана “Экономика” курстарына угуучу катары катышты.