2023-06-15

«ТААСИРДҮҮ АКАДЕМИЯЛЫК БАСЫЛМАЛАР ЖАСОО» СЕМИНАРЫ


Экономика жана башкаруу факультетинде  8-июнь  2023-жылы «Таасирдүү академиялык басылмалар жасоо» аттуу семинар болуп өттү. Семинарга проф. д-р Ибрахим Халил Сугөзү, проф. д-р Күршат Йылмаз жана доц. д-р Сезер Бозкуш Кахьяоглу баяндамачы катары катышты.

Экономика, менеждмент, финансы жана кредит  жана университеттин башка факультеттердин студенттерине, магистранттар жана докторанттары үчүн академиялык басылманын мааниси жана аны кантип даярдоо керектиги боюнча маалымат жана кеп-кеңештерди Кыргызстанда өз тармагында көп жана сапаттуу басылмаларды чыгарган профессорлор беришти. Доц. м.а., д-р Айнура Турдалиеванын модераторлугунда, Экономика жана башкаруу факультетинин окутуучусу проф. д-р Ибрахим Халил Сугөзү изилдөө темасын аныктоо жана жаңы баштагандар үчүн алгачкы макаланы жазуу боюнча тажрыйбасы менен бѳлүштү. Гуманитардык факультетинин педагогика бѳлүмүнүн окутуучусу проф. д-р Күршад Йылмаз изилдөө жүргүзүү жана макала жазуу үчүн да академиялык жазуу көндүмдөрү керек экендигин жана бул жөндөмдөрдү өнүктүрүү мүмкүн экендигин белгилеп, семинардын катышуучуларына илимий макаланы түзгөн кириш сөз, ыкма, тыянактар, корутунду, талкуу жана сунуштар жана библиография бөлүмдөрүн жазууда эске алуу боюнча кеңештерин берди. Ал эми доц. д-р Сезер Бозкуш Кахьяоглу академиялык басылмаларды чыгаруунун маанисине токтолду. Семинар суроо-жооп менен аяктады.