2023-07-05

ФАКУЛЬТЕТИБИЗДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАБЫЗ!


Факультетибизден 2022-2023-окуу жылында жалпысынан 101 бүтүрүүчү ийгиликтүү окууларын аяктап, уядан учуп чыгышты. Тактап айтканда, Экономика бөлүмүнөн 24, Экономика бөлүмүнүн Финансы жана кредит программасынан – 29, Менеджмент бөлүмүнөн – 32, ал эми Эл аралык мамилелер бөлүмүнөн 16 бүтүрүүчү турмуштун даӊгыр жолуна аттанышты. Алардын ичинен Экономика бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Бермет Акматова университетибиздин биринчи эӊ мыкты бүтүрүүчүсү, ал эми ошол эле бөлүмдүн бүтүрүүчүсү Нурхан Тойчубеков окуу жайыбыздын эӊ мыкты экинчи бүтүрүүчүсү ардактуу наамына ээ болушту.  Бардык бүтүрүүчүлөрүбүзгө мындан аркы турмуш жолунда жана карьерасында албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!