2023-10-31

ФАКУЛЬТЕТИБИЗДЕ "ФИНАНС ЖАНА ИНВЕСТ ЭСЕПТЕР" КИТЕБИНИН БЕТ АЧААРЫ БОЛУП ӨТТҮ.


2023-жылдын 26-октябрында экономика жана башкаруу факультетинде проф., докт. Анаркүл УРДАЛЕТОВА жана проф., док. Сыргак КЫДЫРАЛИЕВ тарабынан даярдалган «Финанс жана инвест эсептер» аттуу кыргыз тилинде окуу китебинин бет ачары болду. Сөз болуп жаткан окуу куралы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана кыргыз тилин илимий тил катары өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жарык көргөн. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби катарында уруксат берген китеп болуп саналат.

Бул иш-чарада КТМУнун ректору проф.док. Алпаслан ЖЕЙЛАН авторлордун өздөрү жаштарга үлгү экенин баса белгилеп, даярдаган окуу китеби жаштар үчүн пайдалуу болорун билдирди.