2024-09-19

ФАКУЛЬТЕТИБИЗДИН 2024-2025-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН АКАДЕМИЯЛЫК ЖЫЙЫНЫ БОЛУП ӨТТҮ


2024-жылдын 18-сентябрь күнү Экономика жана башкаруу факультетинин 2024-2025-окуу жылынын башталгыч жалпы академиялык жыйыны болуп өттү.

Бул жыйында факультеттин деканы, профессор Гөкхан Өзер 2023-2024-окуу жылындагы факультеттин жалпы ишмердүүлүгүнө баа берип, 2024-2025-окуу жылына карата профессордук-окутуучулар жамааты менен пикир алышты жана бардыгына бул окуу жылынын ийгиликтүү, жемиштүү өтүүсүн каалады.