2024-11-29

Экономика жана башкаруу факультетине кош келдиң!


2024-жылдын 26-ноябрында КТМУнун экономика жана башкаруу факультетинин 1-курсунун студенттери үчүн “Кош келдиң, 1-курс!” аттуу иш-чара уюштурулду.

Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн аталган иш-чарага экономика жана башкаруу факультетинин деканы, PhD., профессор Гөкхан Өзер баштаган профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Салтанаттуу иш-чара боордош эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаруу менен башталды. Андан соң куттуктоо сөзү үчүн сахнадан орун алган факультеттин деканы, PhD., профессор Гөкхан Өзер студенттерди куттуктап, бул күн алардын келечектеги ийгиликтеринин башталышы экенин белгиледи.

 

Декан Өзер өз сөзүндө факультет тууралуу кыскача маалымат берип, студенттердин өнүгүүсүнө салым кошкон түрдүү программалар жана мыкты окутуучулар бар экенин айтып, “Силерге белгилүү болгондой, Кыргызстандагы эң мыкты университетте окуп жатасыңар. Ага ылайык, колубуздан келишинче силерге жол көрсөтүүгө жана жардам берүүгө аракет кылып жатабыз. Дүйнө абдан тез өнүгүп жатат. Андыктан заман талабына ылайык, көндүмдөрдү өздөштүрүүгө өзүңөр да аракет кылышыңар керек”, - деди.

Иш-чаранын маданий бөлүгүндө көңүл таланттуу студенттердин чыгармачылыгына бурулду. Сахнада “Манастын кыздары” бий тобу түрк бийин аткарып, ошондой эле фортепиано жана комуздун коштоосунда музыкалык чыгармалар жаңырды.

Студенттердин кызыгуусун арттырган “Ырды тап” жана “4 фото, 1 сөз” сыяктуу конкурстар иш-чарага өзгөчө атмосфера жана динамика кошту. Мындан тышкары, кызыктуу лотереялар өткөрүлүп, автомектепте окууга жана Алматыга саякаттоо үчүн сертификаттар ойнотулду.

Иш-чара 1-курстун студенттерине илим жана жаңы мүмкүнчүлүктөр дүйнөсүнө шыктануу менен кирүү, алардын келечектеги жетишкендиктерине дем берди.