2021-08-02

‘Online Global Classroom (OGC) долбоорунун алкагында “Ишкердүүлүк жана COVİD2’19: Проблема же мүмкүнчүлүкпү? аталышында 2 күндүк вебинар ишке ашты Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Малайзия Технологиялык Университети жана Индия CVM Университети ортосунда


Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Малайзия Технологиялык Университети жана Индия CVM Университети ортосундагы кызматташуунун алкагында 2021-жылдын 21-22 июнунда ‘Online Global Classroom (OGC) долбоорунун алкагында “Ишкердүүлүк жана COVİD2’19: Проблема же мүмкүнчүлүкпү? Аталышында 2 күндүк вебинар ишке ашты. Ар бир университеттен 30дан аз эмес студент активдүү катышып, ар бир окуу жайдан бирден окутуучу семинар берди. Студенттер чакан группаларда иш алып баруу менен интерактивдүү дискуссияларга катышышты. Бул иш-чарага Менеджмент бөлүмүнүн доц.м.а. Максүдүнов Азамат жана 2-4-курстун студенттери активдүү катышты.