2026-жылдын 6-февраль күнү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Экономика жана Башкаруу факультетинин Эл аралык мамилелер адистигинин бакалавриат студенттери үчүн азербайжандык изилдөөчү Ибрахим Маммадов «Түрк дүйнөсүнүн интеграциясында Венгриянын ролу» темасында зыяратчы лекциясын окуду. Лекцияда Венгриянын тарыхый-геосаясий орду, «Чыгышка ачылуу» саясаты, Түрк мамлекеттер уюму (OTS) менен кызматташтыгы, ошондой эле Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Түркмөнстан менен экономикалык жана стратегиялык өнөктөштүгү кеңири талданды.
Ибрахим Маммадов Венгриянын Батыш менен Түрк дүйнөсүнүн ортосундагы «көпүрө» катары ролун белгилеп, соода, энергетика, инвестиция, инновация жана транспорт коридорлорунун маанисине токтолду. Лекция студенттер үчүн актуалдуу эл аралык процесстерди түшүнүүгө, аймактык интеграциянын келечегин баалоого жана практикалык мисалдар аркылуу теориялык билимдерин тереңдетүүгө өбөлгө түздү.
