2026-жылдын 11-февралында факультетибиздин 3-курсунун студенттери үчүн Экономика жана башкаруу факультетинин практика боюнча комиссиясынын жыйыны өткөрүлдү. Жыйында практика комиссиясынын төрагасы, доцент доктор Абдылдаев М. студенттерге практика боюнча кеңири маалымат берүү максатында баяндама жасады. Практика комиссиясынын мүчөлөрү студенттердин практикага байланыштуу суроолоруна жооп беришип, студенттер практика мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланышат деген тилек менен жыйын жыйынтыкталды.
