2026-04-02

Факультетибиздин "Менеджмент" бөлүмүнүн студенттери VI - Эл аралык “Менеджмент” студенттик олимпиадасында экинчи орунду ээледи!


2026-жылдын 26-мартында Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети тарабынан VI - Эл аралык “Менеджмент” студенттик олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага Кыргызстан, Казахстан, Өзбекстан жана Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынан 18 команда катышты. Олимпиада Экобрендинг жана компаниялардын корпоративдик социалдык жоопкерчилигине багытталып, командалардын презентациялары, тесттик тапшырмалар, кроссворд чечүү жана бизнес-кейстерди чечүү сыяктуу тапшырмалардан түзүлгөн. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Менеджмент” бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери Айдай Каниметова (капитан), Айкөл Белекова, Нурай Ашыралиева жана Миргүл Темиркуловадан турган команда Олимпиадада 2-орунду ээледи. Студенттерибизди жеӊиши менен куттуктап, мындан ары да албан албан ийгиликтерди каалайбыз! Ошондой эле команданын куратору – “Менеджмент” бөлүмүнүн доценти PhD Нажимудинова Сейилге да ыраазычылык билдиребиз.