2026-04-24

"Идеалдуу резюме түзүү жана алдынкы фирмаларда маектешүүдөн ийгиликтүү өтүү"


КТМУ Карьера кеңсеси тарабынан уюштурулуп жаткан  Карьера күнү-2026 иш-чарасынын алкагында 2026-жылдын 16-апрелинде Ernst&Young аудитордик компаниясынын HR менеджери Лейла Джакова "Идеалдуу резюме түзүү жана алдынкы фирмаларда маектешүүдөн ийгиликтүү өтүү" темасында Экономика жана башкаруу факультетинин студенттерине семинар берди.
Семинарда Ernst&Young аудитордик компаниясындагы карьералык мүмкүнчүлүктөр, резюме түзүүдө жана аңгемелешүү учурундагы катачылыктар тууралуу кызыктуу маалыматтар айтылды.