Европалык билим берүү жана маданият боюнча аткаруу агенттиги (EACEA) тарабынан каржыланган "Студенттик ишкердүүлүктү жана туруктуулукка жаңы мамилелерди башкаруу - жергиликтүү аракеттерди куруу" долбоорунун алкагында, студенттер арасында ишкердүүлүк ой-жүгүртүүнү калыптандыруу жана алардын ишкердүүлүк көндүмдөрүн чыңдоо максатында “Жашыл келечек үчүн санарип чечимдер” аталышындагы IDEATHON-2026 студенттер арасында идеялар жарышы болуп өттү.
Конкурска Университеттин 6 факультетинин (экономика жана башкаруу, инженердик, гуманитардык, табигый-так илимдер, коммуникация, туризм) жана кесиптик колледждин 70ке жакын студенти 17 долбоор менен катышты.
Бизнес-идеялар жарышынын генералдык демөөрчүсү Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК жана демөөрчүсү Марел" ЖЧК (TazaEco бренди) тереӊ ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле
1-орунга чыккан «JashylTech», 2-орунду ээлеген «Eco- Сыя» жана 3-орунга ээ болгон «Airex» командаларын жеӊиштери менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.



