2026-10-19

Экономика жана башкаруу факультетинде инклюзивдүү билим берүү боюнча конок лекциясы өттү.


2026-жылдын 16-октябрда Кыргыз-Түрк Манас университетинин "Менеджмент" программасынын магистранттарына "Казакстандагы жогорку окуу жайларында инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн ишке ашырууда билимди башкаруу" деген аталыштагы конок лекциясы окулду.

Лекцияны Ахмет Байтурсынулы атындагы Костанай регионалдык университетинин докторанты Аймуханова Карина окуду, ал Казакстан Республикасынын жогорку окуу жайларында инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыктары менен бөлүштү.

Лекцияда Казакстан менен Кыргызстандагы инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү, жеткиликтүү билим берүү чөйрөсүн түзүүдөгү билимди башкаруунун ролу жана жогорку билим берүү системаларында заманбап башкаруу ыкмаларын колдонуу мүмкүнчүлүгү боюнча негизги маселелер каралды.

Билимди түзүү, топтоо, сактоо, жайылтуу жана колдонуу процесстерине, ошондой эле университеттин инфраструктурасынын, академиялык материалдардын, окутуучулардын жана административдик кызматкерлердин инклюзивдүү билим берүү принциптерин ишке ашырууга даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучуларга ошондой эле санариптик билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү жана казакстандык университеттерде окутууну башкаруу системаларын колдонуу боюнча маалыматтар берилди.

Бул лекция магистранттарга жогорку билим берүүнү башкарууну өркүндөтүү боюнча заманбап изилдөө ыкмалары менен таанышууга жана пикир алмашууга мүмкүнчүлүк берди. Талкууда студенттердин ар түрдүү муктаждыктарын канааттандырган жеткиликтүү, тең укуктуу жана жогорку сапаттагы билим берүү чөйрөсүн түзүүгө системалуу мамиленин маанилүүлүгү баса белгиленди.

Мындай конок лекциялары келечектеги менеджмент адистеринин кесиптик горизонтторун кеңейтүүгө жана жогорку билим берүү тармагында академиялык тажрыйба алмашууга көмөктөшөт.