2022-03-18

СТУДЕНТИБИЗ ЭЛ АРАЛЫК КОНКУРСТА ЭКИНЧИ ОРУНГА ТАТЫКТУУ БОЛДУ


Эл аралык студенттер биримдиги (Нурсултан шаары, Казакстан Республикасы) менен «Бобек» ассоциация түрүндѳгү юридикалык мекемелердин бирикмеси тарабынан үстүбүздѳгү жылдын 3-март күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде биргелешип ѳткѳрүлгѳн «КМШнын эң мыкты студенти – 2022» конкурсунун алкагында «IV эл аралык китеп басылмасы» долбоорунун «Эң мыкты студент» категориясында Факультетибиздин Экономика бѳлүмүнүн 4-курсунун студенти Мээрим Турдалиева жана Финансы жана кредит бѳлүмүнүн  3-курсунун студенти Бурулай Гуламидин кызы 2-орунду ээледи. Студенттерибизди чын жүрѳктѳн куттуктап, мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз. Ушуну менен бирге эле, студенттерибиздин ийгилигинде олуттуу роль ойногон Экономика бѳлүмүнүн окутуучулары, PhD, доц.м.а. Дамира Байгонушева менен PhD, доц.м.а. Бурулча Суламанованы да куттуктап, иштеринде ийгиликтерди каалайбыз.