2022-04-11

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН «АЧЫК ЭШИК КҮНҮ» ИШ-ЧАРАСЫ


2022-жылдын 6-апрелинде Экономика жана башкаруу факультетинин  3- жана 4-курстарынын студенттери  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Global Money Week  алкагында уюштурулган ачык эшик программасына катышты. Программада аталган министрликтин окутуу борборунун жетекчилиги, мамлекеттик кирешелерди прогноздоо бөлүм башчылыгы,  мамлекеттик бюджетти консолидациялоо бөлүм башчылыгы, стимулдаштыруучу гранттар бөлүм башчылыгы, персонал менен иштөө бөлүмү башчылыгы студенттерге семинар берди.

Программага активдүү катышкан студенттерге министрлик тарабынан белектер тапшырылды.