2022-04-11

СТУДЕНТТЕРИБИЗ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ ЖЫЙЫНДА БАЙГЕГЕ ЭЭ БОЛУШТУ


2022-жылдын 07-апрелинде Чехиядагы Univerzita Mateja Bela v Banskej Bystrici Университети тарабынан уюштурулган онлайн студенттик конференцияда Финансы жана кредит бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Альбина Таалайбек Кызы PhD, доцент Тезжан Абасыздын илимий жетекчилигинде даярдаган 'Energy Consumption Fluctuations Transitory or Permanent: A Case of Central and Eastern Europe Countries with Fourier KSS Test' аттуу доклады менен экинчи орунду жана  Менеджмент бөлүмүнүн магистранты Бектурсун Эсентур уулу  доцент,  PhD Касым Байналдын илимий жетекчилигинде даярдаган  "Problems and Solution Suggestions of Supply Chain Management in the Pandemic" доклады экинчи орунга ээ болду.

Студенттерди жана илимий жетекчилерин ийгилиги менен куттуктайбыз.