2022-06-14

СТУДЕНТТЕРИБИЗ ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДАДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРГА ЭЭ БОЛУШТУ


Менеджмент бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери 2022-жылдын 19-майында Кыргыз Экономика Университети тарабынан уюштурулган жана Кумтөр жана Демирбанк тарабынан демөөрчүлүк жасалган студенттер арасында предметтик олимпиада “Менеджмент” жаатында ийгилик жаратышты.

Индивидуалдык конкурста Мира Кыдыралы кызы, Эльзада Кадырова жана Шадиам Абдулвакиева биринчи орун ээлешсе, группалык конкурста Эркеайым Казакбаева, Шадиам Абдулвакиева жана Амантур Мейлисбек уулунан түзүлгөн группа биринчи орунга, ал эми Байтик Марлесбек уулу, Эльзада Кадырова жана Мира Кадыралы кызынан түзүлгөн топ экинчи орунга ылайык болду.

Студенттерибизди куттуктайбыз жана албан-албан ийгилик каалайбыз!