“Орхун” алмашуу программасынын алкагында Менеджмент бөлүмүнүн мугалими Нажимудинова Сейил Туркиядагы Ататүрк университетинин Менеджмент бөлүмүнө барып келди. Алмашуу учурунда бакалавриат программасында 2 сабак берилди жана мындан тышкары Менеджмент бөлүмүндөгү мугалимдер менен келечектеги биргеликте жасалуучу илимий иш-чаралар жана долбоорлор тууралуу пландар тууралуу сөз болду.