2022-09-28

СТУДЕНТТЕРИБИЗДИН СММ ЖААТЫНДАГЫ ИЙГИЛИКТЕРИ


Экономика жана башкаруу факультетинин студенттерине Анкара Хаджи Байрам Университетинин мугалими Конуралп Коз (PhD) жана «Манас» университетинин Коммуникация факультетинин мугалими (PhD) Мээрим  Артышова тарабынан «Социалдык тармактарда аккаунтарды башкаруу жана контент түзүү» темасында тренинг берилди. Тренингди ийгиликтүү аяктаган студенттерибизге «Манас» университетинин Үзгүлтүксүз билим  берүү борборунун директору доцент Эркан Эфилти жана факультетибиздин деканы профессор Серкан Бурмаоглу тарабынан сертификаттар тапшырылды. Сертификатка ээ болгон студенттерибизди куттуктайбыз жана ийгилик каалайбыз.