2022-09-28

ЖАНЫ ОКУУ ЖЫЛЫНЫН БАШТАЛЫШЫНДА КУРАТОРЛОР МЕНЕН ЧОГУЛУШ ИШКЕ АШЫРЫЛДЫ


2022-жылдын 27-сентябрында экономика жана башкаруу факультетинде 2022-2023 окуу жылында жаңы киргизиле баштаган окутуу программалары жана кайрадан иштелип чыккан Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин бакалавр программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасына карата түшүндүрүү жана маалымат алмашуу максатында кураторлорго чогулуш уюштурулду. Факультеттин деканынын орун басары Нажимудинова Сейил (PhD) нускамадагы жаңылыктар жана өзгөрүүлөр тууралуу маалымат бөлүштү.