2022-11-04

ОКУТУУЧУЛАРЫБЫЗ ОРХУН АЛМАШУУ ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА ТАЖРЫЙБА АЛМАШЫП КЕЛИШИШТИ


Факультетибиздин Менеджмент жана Экономика бөлүмүнүн окутуучулары Орхун алмашуу программасынын алкагында Түркиянын ар кайсы университеттерине барып келишти.

Программанын алкагында, 2022-жылдын 17-28-октябрында, Менеджмент бѳлүмүнѳн PhD, доц.м.а. Азамат Максудунов жана Экономика бѳлүмүнѳн PhD, доц.м.а. Жунус Ганиев Эге университетине, ал эми Экономика бѳлүмүнѳн PhD, доц.м.а. Дамира Байгонушова Нигде Өмер Халисдемир университетине барып келди.

Аты аталган мугалимдерибиз бакалавриат жана магистратура программаларында лекцияларды окуп, профессордук-окутуучулук курамга семинарларды өткөрүштү.