2022-11-28

СТУДЕНТИБИЗ ПРОФЕССОР КАРЫБЕК МОЛДОБАЕВ АТЫНДАГЫ СТИПЕНДИЯГА ТАТЫКТУУ БОЛДУ


2022-жылдын 24-ноябрь күнү Университетибиздин негиздѳѳчү ректору, профессор маркум Карыбек Молдобаевдин 90 жылдык мааракесине карата уюштурулган эскерүү кечесинде, агайыбыздын атын ташыган фонддун негиздѳѳчүлѳрүнүн бири профессор Жаныбек Адышев, факультетибиздин Экономика бѳлүмүнүн 3-курсунун студенти Кундуз Тамчыбековага Карыбек Молдобаев атындагы 3-даражадагы стипендияны тапшырды.

Кундуз Тамчыбекованы факультетибиздин атынан чын жүрѳктѳн куттуктап, мындан ары да ийгиликтеринин арта беришине тилектеш экендигибизди билдиребиз.