2023-01-19

САНАРИПТИК ТРАНСФОРМАЦИЯ ДООРУНДА МААЛЫМАТТАРДЫ ВИЗУАЛДАШТЫРУУ ЖАНА КОЛДОО БОЮНЧА КАРЬЕРА МҮМКҮНЧҮЛҮКТѲРҮ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТЫК СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ. (18.01.2023)


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борбору менен Экономика жана башкаруу факультети тарабынан «Университеттен да артык» миссиясынын алкагында студенттерибиздин келечектери үчүн технологиялык жаңыланууларды карьера жасоо мүмкүнчүлүктѳрүндѳ колдоно турган долбоор жана иш-чараларды ѳткѳрүү улантылып жатат.  Булардан бирѳѳ, тактап айтканда маалыматты визуалдаштыруу жана мобилдик тиркемелерди жаратууга арналган  «Санариптик трансформация доорунда маалыматтарды визуалдаштыруу жана колдоо боюнча карьера мүмкүнчүлүктѳрү тууралуу» маалыматтык семинар уюштурулду.

 

Санариптик технологиялардын ѳтѳ тездик менен ѳнүгүп жаткан учурдагы веб-программисттер жана маалыматтык технологиялардын адистери боло турган студенттерибиздин иш жашоосуна алгылыктуу кадам таштоолоруна кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ багытталган бул окутуу семинары, университетибиздин кызматташтык протоколунун алкагында ишке ашырылат.

Технологияларга кызыккан студенттерибиз жана жаңы иш мүмкүнүлүктѳрүн сынап кѳргүсү келген кызматкерлерибиз бул окутуу программасына катыша алышат. Кеңири маалымат алуу үчүн окуу-жайыбыздын Үзгүлтүксүз билим берүү борборуна же Экономика жана башкаруу факультетинин деканатына кайрылсаңызыдар болот.

Маалымат берүү семинарынын видеосунун шилтемеси тиркемеде берилди.