2023-01-26

«ДИСЦИПЛИНАЛАР АРАЛЫК ЖАҢЫ ТЕНДЕНЦИЯЛАР» ТЕМАСЫНДАГЫ СЕМИНАРЫБЫЗДА СТРАТЕГИЯЛЫК ЧЕЧИМДЕР КАБЫЛ АЛЫНДЫ (23.01.2023)


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Университеттен да артык» миссиясынын алкагында, Табигый илимдер факультети, Инженердик факультет менен ьиргеликте Экономика жана башкаруу факультетибиз 2023-жылдын стратегиялык максаттарын белгилѳѳ, дисциплиналар аралык системдүүлүктү күчтѳндүрүү максатында, 2023-жылдын 23-январь күнү илимий семинар уюштурушту. Аталган семинарда технологиялык жаңылануулардын жана жогорку эффективдүү ѳндүрүштѳр маалыматка таянып иштей тургандыгы айтылып, бул маалыматтарды табуу инструменттерин ѳркүндѳтүү керектиги баса белгиленди. Ушуга байланыштуу, окуу жайыбызда аяктаган жана улантылып жаткан долбоорлорду мисал келтирип, жаңы долбоорлоду даярдоо керектиги айтылды. Семинардын жүрүшүндѳ эки факультеттин декандары жана декандардын орун басарлары катышуучуларга маалымат беришип, ректораттын толку кандуу колдоосу менен орток долбоорлороду ишке ашырууга даяр экендиктерин айтышты. Семинарда стратегиялык чечимдер кабыл алынган пункттарды тѳмѳндѳгүдѳй деп айта алабыз:

- санариптешүү жана санариптик ѳнүгүү жараянына инвестиция кылуу, студенттерибизди заманбап шарттарга шайкеш тарзда окутуу үчүн маалыматтык технология инфратүзүмүн ѳнүктүрүү, код жаратуу, иш аналитикасы, жасалма интеллект, статистика жана математика жааттарында конкуренттүү болууга даярдоо;

- жоопкерчиликтүү университет жана жоопкерчиликтүү башкаруучулар түшүнүгүн кеңейтүү жана анын туруктуулугун ѳнүктүргѳн долбоорлорду ишке ашыруу, сектордогу партнелорубуз менен кызматташтыкты ѳѳрчүтүү;

- окуу жайыбыздагы факультеттер арасында координацияны ѳнүктүрүп, дисциплина аралык долбоор жана басылмалардын санын артыруу.