2020-02-12


Сакура илимий алмашуу программасы


2019-жылдын 11-16-ноябрь күндөрү Япониянын Кумамото университетинде уюштурулган жана Япониянын илим жана технология агенттиги (JST) тарабынан колдоого алынган “Сакура илимий алмашуу программасына” университетибиздин Инженерлик факультетинин мугалимдери: доц.м.а. Айчүрөк Мажитова, доц.м.а.Жылдызай Өзбекова жана факультеттин алдыңкы студенттери: Жаркынай Хакимова, Тилек Ашимов, Калыс Ыдырысов жана Алтынай Тилекмат кызы катышышты.

Программа Кумамото университетинин профессору Макото Такафужи, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучусу доц.м.а. Айчүрөк Мажитова, Дакка университетинин окутуучусу д-р Мохаммад Шахруззаман жана Наохали илим жана технология университетинин профессору Ашрафул Алам тарабынан ортоктошо уюштурулду.

Программанын алкагында илимий лекциялар, жаш илим изилдөөчүлөрдүн сунумдары, 4 университеттин өкүлдөрүнөн куралган топтордо иштөө, өндүрүштөргө техникалык турлар, тарыхый жана маданий борборлорду зыярат кылуу сыяктуу иш-чаралар уюштурулду.