2025-06-12


«Санарип доору: энергетика, экология, курулуш жана транспорттогу инновациялар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция


2025-жылдын 23-майында Ош технологиялык университетинде Кыргызстандын көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун 115 жылдыгына жана техника илимдеринин кандидаты, профессор Абдыкапар Тешебаевдин 70 жылдык мааракесине арналган «Санарип доору: энергетика, экология, курулуш жана транспорттогу инновациялар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп ѳттү.   

Кыргызстан менен катар Индия, Кытай, Өзбекстан, Германия, Түркия сыяктуу мамлекеттерден келген илимпоздор, профессорлор, тармактык адистер, студенттер жана өнөктөш университеттердин өкүлдөрү катышкан аталган конференцияга  Кыргыз-Түрк «Манас» универсиетинин инженердик факультетинин химия инженердиги бѳлүмүнүн окутуучулары проф., докт. Ферхан Түмер Ilaç keşif süreçlerinde in Silico ADMET çalışmaları» (Дары-дармек иштеп чыгууда in silico ADMET (Absorption, Distribution, Metabolism, and Excretionизилдѳѳлѳрү)  жана т.и.к., проф. Бакыт Боркоев жана атайын билдирүү менен катышышып, илимий кызматташтыкты кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана заманбап технологиялар жаатындагы инновацияларды жайылтуу максатында сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүштү.