2026-02-25


«Кагаз буюмдарындагы уулуу бисфенол-А кармалышын аныктоо» аталышта семинар отту


Химия инженерлиги бөлүмүндө 2026-жылдын 18-февралында х.и.к. Нурзат Шайкиева тарабынан «Кагаз буюмдарындагы уулуу бисфенол-Анын кармалышын аныктоо» аталышта илимий семинар өткөрүлдү.
 

Кагаз буюмдарынын, өзгөчө чек кагаздарынын курамында уулуу бисфенол-А (BPA) заты кездешиши мүмкүн. Бул зат адамдын гормоналдык системасына терс таасирин тийгизип, ден соолукка коркунуч жаратат. BPA тери аркылуу же тамак-аш аркылуу организмге өтүшү мүмкүн. Ошондуктан кагаз буюмдарындагы бисфенол-Анын кармалышын аныктоо жана көзөмөлдөө коомдук саламаттыкты сактоо үчүн актуалдуу жана маанилүү маселе болуп саналат.