2019-02-07


Beeline компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу


Кыргыз-Түрк Манас Университетинин Компьютердик инженерия бөлүмүнүн студенттери үчүн стажировка жана келечекте ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн айтып берүү максатында  Beeline компаниясынын өкүлдөрү келип кетти. Семинар учурунда, студенттерге мобилдик оператор мекемелерде маалымат технологиялар адистеринен талап кылынган билимдер жана жөндөмдөр тууралу студенттерибизге маалымат берди.

Сүрөттө Beeline компаниясынын кадрларды башкаруу боюнча бизнес-партнеру Дербишева Алтынай Маликовна жана системалык администрлөө боюнча эксперти Бородкин Станислав Викторович КТМУин Компьютердик инженерия бөлүмүндө.