2020-05-03


Өндүрүштүк практика отчету онлайн тапшырылды


Компьютер инженердиги бөлүмүнүн студенттери өндүрүштүк практиканы ийгиликтүү өтүшүп, компьютер инженердиги окутуучулар курамы алдында практикада өздөштүрүлгөн билим, жөндөмдүүлүгү менен онлайн бөлүшүштү. 

Өзгөчө белгилей кетсек, студенттерибиз өлкө тышында да практикасын өтүшкөн. Алишер Жанузаков  Корея Kyungwoon университетинде, ал эми Тимур Абдымажинов жана Аман Калманбетов, Түркиядагы Ankara Yıldırım Beyazıt университетинде практикасын өтүшүп, практика кураторлору тарабынан эң жакшы пикир алышкан. Ал эми калган студенттерибиз республикабыздагы IT тармагында алдыңкы фирмалар, айта кетсек Skynet ISP, Oracle Digital, SunRise Studio сыяктуу фирмаларда стаж өтүрүшүп, андан ары иштеп калуу сунушун алышкан.
Компьютер инжненрдиги бөлүмү окуутучулар курамы студенттердин өндүрүштүк практиканы жактоосу жогорку деңгээлде өтүп, студенттер көптөгөн жаны билимге ээ болгондугун белгилешти.

Практиканын жактоосунун уюштуруучусу, ага окутуучу Айжаркын Саит кызы.