2022-05-24


Ректор иш сапарынын алкагында Ахлат шаарынын мэри менен жолугушту


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түркияда иш сапарынын алкагында Ахлат шаарынын мэри Абдулалим Мүмтаз Чобан менен жолугушту.

Кыргызстанда билим алган Мумтаз Чобан мырза ректор менен болгон жолугушууда окуу жайдын жетишкендиктерин угуп абдан кубанычта болгонун жана жакынкы арада университетке келүү оюн айтты. Ошондой эле ал “Манас” университетинде сабак берип иштегенин жана “Манас ФМ” радиосунда ыктыярдуу программаларды даярдаганын айтып, университет-муниципалитет катары мүмкүн болгон бардык тармакта кызматташууну каалаганын билдирди.

Окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан ѳз сѳзүндѳ кылымдар бою тарыхтын сыйкырдуулугу менен таң калтырган Ахлат шаарынын ѳзгѳчѳ кѳп түрдүүлүгүн жана анын тарыхтагы ордун  баса белгилеп, келечекте ал тууралуу кѳптѳгѳн долбоорлорду жазса боло турганын айтты. Ошондой эле ректор мэрлик кызматын аркалаган Мумтаз Чобандын ишине ийгиликтерди каалады.


Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4388-rektr-ceylan-belediye-bakan-oban-ziyaret-etti.html