2023-01-27


ЧЕТ ТИЛДИ (АНГЛИС ТИЛИ, ОРУС ТИЛИ, НЕМИС ТИЛИ) БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТОО ЖАНА ЧЕТ ТИЛДЕН БОШОТУУ СЫНАКТАРЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТТАР


Катталуу үчүн кайрылуунун соңку күнү жана сааты: 09-февраль, 2023-жыл, Саат: 17.00 (Кыргызстан убактысы боюнча)

2022-2023-окуу жылында Чет тилдер жогорку мектебинин Тил даярдоо программасынын академиялык календарына ылайык, 2023-жылдын 12-февралында өткөрүлө турган Жазгы семестрдеги чет тил сабактары (англис тили, орус тили, немис тили) боюнча тил билүү деңгээлин аныктоо жана тилден бошотуу сынактарына катыша турган талапкерлер үчүн сынактын датасы, сааты, сынакка катышуунун шарттары, сынактын форматы жана соңку кайрылуунун мөөнөтү жөнүндөгү маалыматтар төмөндө берилди.

1. СЫНАКТЫН КҮНҮ ЖАНА УБАКТЫСЫ (Кыргызстан убактысы боюнча)

СЫНАКТЫН

КҮНДӨРҮ

ТҮРҮ

УБАКТЫСЫ

12- ФЕВРАЛЬ

2023-Ж.

Чет тилди

билүү деңгээлин аныктоо

жана  

чет тилден бошотуу сынактары

Англис тили

İNG-110 (орто кесиптик билим берүү программалары КЖМ)

11.00 – 12.00

İNG -112

11.00 – 12.00

Орус тили

 RSC 104

12.00 – 13.00

Немис тили

    -

14.00 – 15.00

 

2. СЫНАККА КАТТАЛУУ ШАРТТАРЫ

Чет тилден бошотуу сынактарына (İNG 110 / İNG 112 коддуу сабактар үчүн) 2021-2022-окуу жылында жана 2022-2023-окуу жылында «Манас» университетине тапшырып, Тил даярдоо программаларынын түрк жана англис тили сабактарынан (бөлүмдөргө карата) бошотулган бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программаларында билим алган 1-курстун студенттери катыша алат.

Чет тил катары окутулган RSC-104 коддуу орус тили сабагы боюнча тилден бошотуу сынагына чет өлкөлүк бакалавр программасында билим алган 1-курсттун студенттери катыша алат.

Немис тилинен бошотуу сынагына немис тили сабагын окуй турган студенттер катыша алат.

3. СЫНАКТЫН ФОРМАТЫ

Чет тилди билүү деңгээлин аныктоо жана чет тилден бошотуу сынактары (англис тили, орус тили, немис тили) онлайн форматта, төмөндөгү платформалар аркылуу жүзөгө ашырылат.

Англис тили - E-ders

Орус тили - Google Classroom 

Немис тили - Google Classroom 

4. КАТТАЛУУНУН СОҢКУ КҮНҮ

Өткөрүлө турган сынактарга катышкысы келген студенттерибиз 2023-жылдын 09-февраль, кечки саат 17.00 гө чейин (Кыргызстан убактысы боюнча) тиркемедеги арыздын үлгүсүн толтуруп, кол койгон соң pdf же jpg форматта сынакка кире турган тилге тиешелүү координаторлуктун (manas.edu.kg аталышындагы) электрондук дарегине жиберүүгө тийиш.

İNG 110 / İNG 112 коддуу сабактар үчүн

ydb.inglizce@manas.edu.kg

RSC 104  коддуу сабактар үчүн

svetlana.parmanasova@manas.edu.kg

Немис тили сабактар үчүн

ydb.almanca@manas.edu.kg

 

Эскертүү: Англис тили сабагынан "Тилден бошотуу сынагына" катышуу үчүн, студенттер катоо учурунда сөзсүз түрдө ING-110 англис тили (MYO); ING-112 англис тили II сабактарын белгилеши керек. Белгилебеген студенттер аталган сынакка кире албай калышат.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Тил даярдоо программасы боюнча билим берүү жана сынак нускамасынын 10-статиясынын «б» пунктуна ылайык, тилден бошотуу сынактарынын жүйөө сынактары өткөрүлбөйт.

Арыз,  Немисче