2024-03-18


Карьера боюнча жолугушуулар: Нур Телеком


Коммуникациядагы маалыматтык технологиялар  


Келечектеги программалык камсыздоо инженерлеринин өнүгүү перспективалары жана күтүүлөрү.

Эмгек рыногунда талап кылынган практикалык тажрыйбанын жана тиешелүү көндүмдөрдүн жетиштүү деңгээлде берүү – бөлүмдүн максаттарынын бири. Студенттерибиздин жана бүтүрүүчүлөрүбүздүн жумуш табуу жана тажрыйба алуу мүмкүнчүлүктөрүнө  салым кошуу максатында бөлүмүбүздө МТ багытында иш алып барган ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүүдө. Мындай жолугушуулардын бири 2024-жылдын 13-мартында болуп өттү. Бөлүмдүн коноктору болуп NUR Telecom ЖЧКсынын өкүлдөрү келишти. Бул жолугушуунун максаты 3-4-курстун студенттерине бул компания тууралуу маалымат берүү жана келечекте компьютер инженерлиги багытынын бүтүрүүчүлөрүнөн болгон күтүүлөр, МТдагы акыркы тенденция жана тренддерди талкуулоо болду. Окуучуларга кызыктуу маалыматтар берилип, кызуу талкуу жаратты.

Жолугушууну модератору ага окутуучу, т.и.к. Чинара Жумабаева.