2024-04-03


Карьера боюнча жолугушуулар : Timly Soft


Программалык продуктту тесттөө процесси

Кыргыз-Турк “Манас” Университетинин Инженердик факультетиндеги Компьютер инженердиги бөлүмүндө потенциалдуу жумуш берүүчүлөр менен жана маалыматтык технологияларындагы ар кандай багыттарга ээ болгон адистер менен жолугушуулар өткөрүлүүдө. Бул жолугушуулардын бири 2024 жылдын 3 апрелинде өткөрүлдү. Бөлүмүбүзгө  “Timly Soft” компаниясында  Senior Software QA болуп эмгектенген Мээрим Жанузакова студенттерибиз үчүн семинар өткөрдү. Семинардын темасы: "Программалык продуктту тесттөө процесси". Семинар учурунда балдарга пайдалуу маалыматтар берилип, студенттер баардык суроолорго толук кандуу жооп алышты. 
Бөлүмдүн кызматкерлери жана студенттери Мээрим Жанузаковага терең ыраазычылыктарын билдиришет.
Семинардын модератору т.и.к. Чинара Жумабаева.