2024-04-25


​"Манас Хакатон 2024" студенттик программалоо конкурсу өттү: эки университеттин ортосунда технологиялык көпүрө түзүлдү


"Манас Хакатон 2024" студенттик программалоо конкурсу өттү: эки университеттин ортосунда технологиялык көпүрө түзүлдү


 

2024-жылдын 19-20-апрелинде Кыргыз-Түрк Манас университетинин Компьютер Инженерлиги бөлүмү тарабынан уюштурулган "Манас Хакатон 2024" болуп өттү. Бул иш-чарага Манас университетинин Компьютер Инженерлиги бөлүмүнүн студенттери жана Ташкент Маалымат Технологиялар университетинин Фергана филиалынын (ТМТУ-Фергана) студенттери чогулушту. Бир убакта эки өлкөдө өтө турган иш-чара үчүн эки билим берүү мекемеси видео көпүрө аркылуу байланышты.

Хакатонго жалпысынан 48 студенттен турган 11 команда, 24 саатка созулган иш-чаранын жүрүшүндө реалдуу долбоорлорду иштеп чыгуу менен биргелешип иштөө жана долбоорлорду башкаруу жөндөмдөрүн өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Хакатондо 1-орунду алган “DreamOn” командасы Манас университетинин Компьютер Инженерлиги бөлүмүнүн студенттеринен куралса, 2-орунду ТМТУ-Фергананын “ Simple-team” командасы ээледи. Үчүнчү орунду Манас университетинин Компьютер Инженерлиги бөлүмүнүн студенттеринен турган “BestCoder” командасы жеңип алды.

Хакатонду баалоо процессинде ф.-м.и.к., доц. Райымбек Султановдун төрагалыгы астында ф.и.к., доц. Бакыт Шарсембаев, т.и.к., доц. Рита Исмаилованын жана КТМУнун Компьютер Инженерлиги бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөр клубунун өкүлүнүн салымы менен өткөрүлдү. Модераторлугун ага окутуучу Чынара Жумабаева жана бөлүмдүн 4-курсунун студенттери жүргүзүштү.

Кыргыз-Түрк Манас университетинин Компьютер Инженерлиги бөлүмү, студенттерине ар дайым кайталангыс тажрыйбаларды тартуулаган жана аларды келечекке даярдаган мындай иш-чараларды ийгиликтүү уюштуруу менен өзгөчөлөнөт. "Манас Хакатон 2024" студенттерге реалдуу дүйнө тажрыйбасын тартуулоо менен, ар түрдүү маданияттардагы жаштарды бириктирип, технология жана кызматташтык тармактарында көпүрө курууну максат кылган.

Бул ийгиликтүү иш-чарада 1, 2, 3-орунду ээлеген бардык студенттерди куттуктап, келечектеги ийгиликтерди каалайбыз.