2025-03-03
2025 жылдын 21-22 февралында Компьютердик инженерия бөлүмүндө салттуу 4-чү Хакатон өткөрүлдү. Хакатондун негизги максаты 24 сааттын ичинде уникалдуу продукт жаратуу менен студенттердин техникалык билимин гана баалабастан команда менен иштөө жөндөмдүүлүгүн да жогорулатуу максатында өткөрүлүп турат.
Жарышка бөлүмдүн 1-4 курстардан 44 студент (11 команда) катышты.
Катышуучуларга “Чет өлкөгө окуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу” боюнча техникалык тапшырма берилген, ошондой эле баалоо критерийлери жарыяланды.
Жыйынтыктарды баалоо үчүн бөлүмүбүздүн бүтүрүүчүлөрү жюри мүчөлөрү катары чакырылды. Ойлоо жыйынтыгында төмөндөгү бүтүрүүчүлөрүбүз жюри катары баалоо жүргүздү:
Жыйынтыкта орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
I-орун - “Charizard” командасы (Айдар Токонов, Элдос Уланбеков, Эртай Кадыркулов, Ислам Женишбеков )
II-орун - “DBA_A” командасы (Аймээрим Муратбек кызы, Дастан Чыныбек уулу, Айдана Искендерова, Бурулай Урбаева)
III-орун - “DevStorm” командасы (Темирбеков Кыялбек, Туратбеков Султан, Жакшылыков Бактияр, Ильязов Орозали)
Хакатонду уюштуруу үчүн атайын уюштуруу тобу топтолду:
уюштуруу тобунун мүчөлөрү:
Ошондой эле, хакатонду даярдоо жана уюштурууда бөлүмдүн магистратура жана бакалавритаттын бүтүрүүчүлөрү жана студенттери катышты:
Бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрүн уюштурууда көрсөткөн колдоосу үчүн бөлүмдүн мугалимдери жана Хакатондун катышуучулары терең ыраазычылыгын билдиришет.