2025-03-03


"Манас BM 2025" форуму: Жасалма интеллект


"Манас BM 2025" форуму: Жасалма интеллект

 

2025-жылдын 25-февралында Касым Тыныстанов жыйындар залында алгач  "Манас BM 2025" форуму болуп өттү. Иш-чарага Компьютер инженердиги бөлүмү окутуучулары, бөлүмдүн 1-4-курс студенттери, магистранттары жана докторанттары активдүү катышышты. Форум алкагында учурдагы эң актуалдуу темалардын бири – жасалма интеллект учурдагы мааниси боюнча маалымат берилди.

Бул семинарда негизги спикер катары доцент, PhD Райымбек Султанов  студенттерге жасалма интеллекттин негиздери, өнүгүү багыттары жана колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди.

Мындан тышкары, бөлүмдүн магистранттары тарабынан да Жасалма интеллект боюнча  семинарлар уюштурулуп, илимий жана техникалык жаңылыктар боюнча тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү. Иш-чара студенттер үчүн өзгөчө пайдалуу болуп, аларга жаңы билимдерди алууга жана кесиптик көз карашын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берди.Ошондой эле, 21-22 февральда өткөрүлгөн хакатон жеңиичүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Форумдун программасы:

 

10:00

Ачылыш

10:10

Танытуу видеосу

10:20

Ачылыш сөздөр:

  • Бөлүм башчысы доц., др Рита Исмаилова
  • Декан доц., др Нурзат Тотубаева

10:40

“Компьютердик инженердиги бөлүмүнүн тарыхы жана келечеги” аттуу билдирүү, доц., др Райымбек Султанов

11:00

Магистратура студенттеринин презентациялары:

  • Android колдонмолорун иштеп чыгуу учун колдонулган технологиялар жана перспективалар(Явуз Колай)
  • ЖИ доорунда компьютер инженерлиги кесиби (Зирегүл Калыбердиева )
  • Жасалма интеллект генерациялаган текстти аныктоо (Алтынай Атаманова)
  • Билим берүү үчүн оюн иштеп чыгуу (Талгар Тилекматов)

11:30

Хакатондун жыйынтыктары боюнча куттуктоо жана байгелерди тапшыруу                

12:00

Аяктоо

 
 

Форум жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар үчүн чоң мотивация жана шыктандыруучу окуялардын бири болду.

Форумду уюштуруу тобу:

  • доц., др Рита Исмаилова - уюштуруу тобунун төрайымы 
  • доц., др Чинара Жумабаева - модератор

уюштуруу тобунун мүчөлөрү: 

  • Памир Кразаков
  • доц., др Бакыт Шаршембаев
  • др. Айжаркын Саит к.

Ошондой эле, форумду даярдоо жана уюштурууда бөлүмдүн магистратура студенти Нурайым Эркинова, Талгар Тилекматов, бакалавритат студенттери Нурайым Арапбаева жана Артем Кучеряев катышты.