2025-10-07


Карьера өсүү жолугушуулары


2025-жылдын 6-октябрында биздин кафедрага Bdigital компаниясынын ML инженерлери — Бектемир Кумарбай уулу жана Тынчтыкбек Ташбалтаев келип кетишти. Bdigital — бул булуттук технологиялар, робототехника, жасалма интеллект жана киберкоопсуздук тармактарында иштеген адистердин тобу.
Жолугушуунун башында студенттер компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Аларга компаниянын миссиясы, аткарган милдеттери жана Data Engineering тармагында колдонулган заманбап технологиялар жана шаймандар тууралуу маалымат берилди.
Bdigital компаниясы жоопкерчиликтүү жана мотивациясы жогору, кыргыз тилин жакшы билген студенттерди стажировкага тартууга кызыкдар экенин билдирди. Ошондуктан алар Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Компьютердик инженерия” бөлүмүнүн студенттерине стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүн сунушташты.
Стажировка учурунда студенттер реалдуу долбоорлор менен иштөө тажрыйбасын алып, ЖИ (AI) жана Маалымат инженериясы (Data Engineering) жаатында көндүмдөрдү өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Жолугушуу маалында студенттер чоң кызыгуу көрсөтүшүп, Bdigital компаниясында стажировкага катышууга каалоо билдиришти.
“Компьютердик инженерия” бөлүмү Bdigital компаниясына биздин бөлүм менен кызматташууга болгон кызыгуусу жана пайдалуу маалымат бергени үчүн ыраазычылык билдирет.
Жолугушуунун уюштуруучусу жана модератору — т.и.к., доцент Ч. Жумабаева болду.