2026-04-07
2026-жылдын 7-апрель күнү Ректолук конференция жыйындар залында "Манас BM 2026" форуму болуп өттү. Иш-чарага Компьютер инженердиги бөлүмү окутуучулары, бөлүмдүн 1-4-курс студенттери жана магистранттары активдүү катышышты. Форум алкагында учурдагы эң актуалдуу темалардын бири – жасалма интеллект, анын ичинде чоң тил моделдери боюнча маалымат берилди.
Жасалма интеллект көп багыттуу болуп, илимдин ар кыл тарабында колдонуу мүмкүнчүлүгү бар. Бөлүмдүн магистранттары тарабынан Жасалма интеллектин колдонуу багыттары өзгөчө чон тил моделдеринин колдонулушу боюнча семинарлар берилип, илимий жана техникалык жаңылыктар боюнча тажрыйба алмашуу менен студенттерибизди бул багытта маалымат алуусун камсыздады. Иш-чара студенттер үчүн өзгөчө пайдалуу болуп, аларга жаңы билимдерди алууга жана кесиптик көз карашын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Форум алкагында, 3-4 апрелде салттуу жыл сайын компьютер инженердиги бөлүмү студенттеринин катышуусу менен өткөрүлүп келген хакатон жеңиичүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү.
Форумдун программасы:
|
10:00 |
Ачылыш |
|
10:10 |
Танытуу видеосу |
|
10:20 |
Ачылыш сөздөр:
|
|
10:40 |
Магистратура студенттеринин презентациялары: Таалай Алмасова Жолдошбек Ташиев Медеткан Курлуu Чынгыз Маликов «Борттук космостук таштандыларды аныктоо үчүн терең үйрөнүү: жеңил архитектуралар жана edge-де жайгаштыруу көйгөйлөрүнүн системалуу сереби»
Актан Асанкулов «Автоматтык кайра кайтуу стратегиялары үзгүлтүксүз жайылтуу ыкмаларын салыштыруу жана алардын MTTR'га таасири» |
|
11:30 |
Хакатондун жыйынтыктары боюнча куттуктоо жана байгелерди тапшыруу |
|
12:00 |
Аяктоо |
Форум жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар үчүн чоң мотивация жана шыктандыруучу окуялардын бири болду.
Форумду уюштуруу тобу:
уюштуруу тобунун мүчөлөрү:
Ошондой эле, форумду даярдоо жана уюштурууда бөлүмдүн магистратура студенттери катышты.


