2026-10-20


Астана эл аралык университетинин докторанты Максат Мешитулы бөлүмүбүздө тармактык коопсуздук боюнча семинар өткөрдү


Астана эл аралык университетинин докторанты Максат Мешитулы бөлүмүбүздө тармактык коопсуздук боюнча семинар өткөрдү

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Инженердик факультетинин Компьютердик инженерия бөлүмү университеттерибиздин ортосундагы кызматташтык протоколунун алкагында Казакстандын Астана эл аралык университетинин «Компьютердик инженерия жана программалык камсыздоо» (8006101) докторантура программасынын докторанты Максат Мешитулыны илимий стажировкадан өтүү максатында кабыл алууда.

Стажировка программасынын алкагында Мешитулы 2026-жылдын 16-октябрында MF 523 лабораториясында «Тармактык коопсуздук» темасында семинар өткөрдү. Семинардын жүрүшүндө тармактык коопсуздуктун негизги түшүнүктөрү, бүгүнкү күндө кездешкен негизги киберкоркунучтар жана аларга каршы көрүлүүчү чаралар талкууланды.

Ошондой эле Мешитулы өзүнүн академиялык ишмердүүлүгү жана илимий изилдөө тажрыйбасы тууралуу маалымат берип, студенттердин суроолоруна жооп берди. Студенттер докторантурада окуу процесси жана киберкоопсуздук тармагындагы карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу кызыктырган суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Семинарга бөлүмүбүздүн 3- жана 4-курстарынын студенттери катышты. Иш-чара суроо-жооп жана интерактивдүү талкуу форматында өттү.

Бөлүмүбүз Кыргызстан менен Казакстандын университеттеринин ортосундагы академиялык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзгөн мындай сапарлардын уланышын маанилүү деп эсептейт. Семинар өткөрүүгө убакыт бөлүп, тажрыйбасы менен студенттерибизди бөлүшкөн Максат Мешитулыга ыраазычылык билдиребиз.