2025-05-22
2025-жылдын 19- май күнү Кыргыз-Түрк Манас Университетинин Экология инженерлиги бөлүмүнүн мугалимдери жана студенттери "БИОТА" экоклубу менен биргеликте Бишкек шаарындагы «Айданек» балдар үйүнө кайрымдуулук иш-чарасы менен барышты.
Иш-чаранын алкагында атайын демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жалпы 12 000 сом өлчөмүндөгү каражат чогултулуп жана Кырыз -Түрк “Манас” университеттин жардамы менен жалпы фонддо 30000 сомдук акча топтолду . Алынган каражатка балдар үчүн канцелярия буюмдары, гигиеналык жана жуучу каражаттар сатып алынып, «Айданек» балдар үйүнө жеткирилди. Ошондой эле балдарга “Алиса Шоу” аниматорлору жана студенттер менен бирге шоу жана оюндар уюштурулду.
Бул иш-чаранын негизги максаты — жаш муунга камкордук көрсөтүп, коомдо кайдыгер болбоо сезимин ойготуу болду. Балдардын кубанычы жана жылмаюусу — биздин эң чоң байлык!
Жардам көрсөткөн ар бир инсанга терең ыраазычылык билдиребиз!