2024-11-25
Инженерия факультети, Электр жана электрондук инженерия бөлүмү болуп, дүйнөлүк алдыңкы технологиялык компаниялардын бири Huaweiге сапар жасадык. Сапар учурунда Huawei компаниясынын жалпы түзүмү, иштөө принциптери жана технологиялык жаңылыктары жөнүндө маалымат алдык.
Huaweiнин өкүлдөрү, өзгөчө GSM технологиялары жана 5-муундагы байланыш (5G) боюнча презентациялар өткөрүп, бул технологиянын келечектеги таасирлери жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири баяндама жасашты. Студенттер жана окутуучулар, 5Gнин өнөр жай жана күнүмдүк жашоодо кандай өзгөртүүлөрдү алып келери тууралуу баалуу маалыматтарды алышты.
Сапардын аягында Huawei менен келечекте ишке ашырууга мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлор жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жемиштүү сүйлөшүү жүргүзүлдү. Бул сапар, биздин студенттер үчүн тармакты жакындан таануу жана теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болду.