2024-11-28
Факультетибиздин Электр-Электроника Инженериясы бөлүмүнүн башчысы, профессор Мирбек Турдуев Huawei Кыргызстан компаниясынын башкы менеджери Ян Тянсяо менен маанилүү кызматташтык жолугушуусун өткөрдү. Жолугушууда эки тараптын 5G технологиялары, акылдуу системалар, жасалма интеллект жана машиналык үйрөнүү сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча пикир алмашуусу болду.
Huawei компаниясынын башкы менеджери Ян Тянсяо бөлүмүбүздүн техникалык базасын жана академиялык мүмкүнчүлүктөрүн баалап, өзгөчө акылдуу системалар жана оптикалык технологиялар боюнча жаңы сабактарды киргизүү сунушун айтты. Бул сабактар студенттердин тармактык жаңылыктар боюнча компетенцияларын жогорулатып, келечектеги кызматташтыктарга салым кошору баса белгиленди.
Бул стратегиялык кызматташтык жолугушуусу университетибиздин академиялык өнүгүшүнө жана технология тармагында эл аралык деңгээлде күчтүү байланышты түзүүгө олуттуу салым кошот деп күтүлүүдө.