2025-12-02


Азербайжан Архитектура жана Курулуш Университетинен келген д-р Айнуура Байрамова университетибизде семинар өткөрдү


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Инженердик факультети 2025-жылдын 17–21-ноябрында «Орхун» алмашуу программасынын алкагында маанилүү илимий жолугушууга ээ болду. Азербайжан Архитектура жана Курулуш Университетинен келген д-р Айнуура Байрамова факультетибиздин чакыруусу менен студенттер жана окутуучулар менен жолугушту.

Зыяраттын алкагында д-р Байрамова 20-ноябрь күнү «Акылдуу үй технологиялары жана заманбап колдонмолор» аттуу семинар өткөрдү. Семинарда акылдуу үйлөрдүн архитектуралык интеграциясы, сенсордук технологиялар, энергиянын натыйжалуу пайдаланылышы, коопсуздук системалары жана нерселердин интернетине (IoT) негизделген башкаруу механизмдери сыяктуу актуалдуу темалар кеңири талкууланды.

Иш-чара студенттер тарабынан чоң кызыгуу менен тосуп алынды. Акылдуу үй системаларында колдонулган техникалык инфраструктуранын келечектеги шаар пландаштыруусуна жана туруктуу жашоо чөйрөлөрүн түзүүгө тийгизчү таасири тууралуу да кенен сөз болду. Катышуучулар семинардын соңунда д-р Байрамовага суроолорун берип, кызыккан маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.

Д-р Айнуура Байрамованын сапарынын жүрүшүндө факультетибиз менен илимий кызматташтыкты кеңейтүү, келечекте биргелешкен долбоорлорду жана изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуулар да жүргүзүлдү.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети бул сыяктуу «Орхун» программасынын алкагындагы академиялык алакалар студенттерибиздин жана окутуучуларыбыздын билимин, көз карашын кеңейтерине ишенет. Д-р Байрамовага баалуу салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз.